Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Мигранттар Алмазбек Асанбаевди кайра кызматка коюуну суранышты


Алмазбек Асанбаев.
Алмазбек Асанбаев.

Орусиянын Москва аймагында иштеген кыргызстандыктар Алмазбек Асанбаевдин Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басарынын кызматынан бошотулушу боюнча кайрылуу таратышты.

Кайрылууга Москвадагы 50дөн ашык коомдук уюмдардын атынан "Кыргыз биримдиги" диаспорасынын жетекчиси Турсумбай Кубатбеков, Аксакалдар кеңешинин төрагасы, мурдагы элчи Раимкул Аттокуров, "Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрайымы Жамилахан Бегиева кол койгон.

Анда Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасы Алмазбек Асанбаевдин кызматтан кетишин туура эмес деп эсептей турганы жазылган. Ошондой эле Асанбаев иш билги адис экени, мигранттардын таламын талашып, көйгөйдү терең түшүнөрү, пайдалуу чечимдердин кабыл алынышына көмөктөшкөнү айтылып, аны кайра ордуна алып келүү өтүнүчү камтылган.

"Ал өзүнүн милдетин так аткарган, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештердин маселесин ичинен түшүнүп чече билген кызматкер. Өкмөт сыртта иштеп жүргөн мекендештердин үнүн угат деген ойдобуз", - деп белгиленген кайрылууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-майда кол койгон буйрукка ылайык, Алмазбек Асанбаев кызматтан бошотулган. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен анын ордуна Самат Токтоболотов дайындалды. (NT)

XS
SM
MD
LG