Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Кытай өкмөтү Ош шаарынын борбордук аянтын оңдоп берет


Ош шаарынын борбордук аянты. 11-май, 2018-жыл.

Кытай өкмөтү Ош шаарынын борбордук аянтын оңдоп берет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын курулуш жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Ленин атындагы аянтты толук реконструкциялоого Кытай өкмөтү тарабынан 27 миллион сомду кайтарымсыз жардам иретинде бөлүнгөн. Ошондой эле жардам берүүнү Кытай тарап өзү сунуш кылган.

Буга чейин Бээжин Ош шаарынын мэрине жана Ош шаардык милиция башчысына бирден кызматтык жолтандабас белек кылганы коомдо катуу талкууланган. Мындан тышкары Кытай Ошто 1 млрд. 800 млн. сомго бааланган оорукананы да "кайтарымсыз жардам" деп куруп жатканы белгилүү болду. (YI)

Пикирлерди көрүңүз (30)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG