Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:36

Балыкчы-Корумду жолун кургандар иш таштады


Иш таштаган жол куруучулар. Ысык-Көл. 11-май, 2018-жыл. Сүрөт акциянын катышуучуларына таандык.

Ысык-Көлдө Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушчулары иш таштады. Алар төрт айдан бери айлык берилбегенине нааразылык билдирип жатканын акциянын атын атагысы келбеген катышуучусу "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, жолдун Тамчы-Бостери-Корумду бөлүгүн куруу токтоп турат. Нааразы тарап жол жээгине боз үй тигип алды. Курулушту жүргүзүп жаткан Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы "10-11-майда маяна болот" деп убада берген. Бирок жумушчулар бүгүн 10 миң сомдон гана берилип, айлыктын калганы ушул айдын этегинде болорун уккандан кийин буга каршылык иретинде иш таштаган. Азыр 200дөй киши айлыктын берилишин талап кылууда.

Транспорт жана жолдор министрлиги жол куруучулардын талабы тууралуу комментарий бере элек.

Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын жумушчуларынын арасында "айлык убагында берилбейт" деген нааразылык буга чейин да бир нече ирет чыккан.

Ысык-Көл облусунун аймагындагы жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн Балыкчы-Корумду жолун Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы салып жатат. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG