Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 12:01

"Ислам мамлекети" террор тобунун анабашылары кармалды


Иракта түрк кошуундары колго түшүргөн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөсү. 5-октябрь, 2017-жыл.

Ирактын куралдуу күчтөрү АКШ колдогон сириялык кошуундар менен кошо "Ислам мамлекети" радикал тобунун анабашыларын туткундады. Эл аралык коалициянын басма сөз катчысы полковник Райан Диллон бул "жоочулар үчүн чоң сокку болгонун" айтып, кармалгандардын аттарын атаган жок.

Ирактын мамлекеттик телеканалы болсо алардын тек-жайы аныкталганын кабарлап, сүрөттөрүн көргөздү. Уюмдун согушкерлери Ирактын өзүндөгү көпчүлүк жерлерден кол жууп калган, бирок Сириянын Ирак менен чек ара аймагында дагы эле аракеттенүүдө. АКШнын президенти Дональд Трамп “эң көп изделген анабашылардын” кармалышын кубаттап, "Твиттердеги" баракчасына жазды. Бирок экстремисттик уюмдун лидери Абу Бакр ал-Багдади колго түшүрүлө элек. Ирак бийлигинин өкүлдөрү кармалгандардын бири Исамил ал-Эйтхави Багдадинин жогорку даржадагы жардамчысы экенин билдиришти.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG