Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Өзбек бийлиги элди мажбурлап ишке салууну азайтат


Самарканд облусунда пахта теримге чыккан мектеп окуучусу. 2015-жыл.
Самарканд облусунда пахта теримге чыккан мектеп окуучусу. 2015-жыл.

Өзбек бийлиги өлкөдө студенттерди жана бюджеттик ишканаларда эмгектенгендерди мажбурлап ишке салууну азайтууга буйрук берди.

Дүйнөдөгү эң көп пахта өндүргөн өлкөлөрдүн бири болуп эсептелген Өзбекстанда мажбурлап ишке салууну токтотуу үчүн эл аралык коомчулуктун басымы 2015-жылдан бери уланып келатат.

10-майда өзбек өкмөтү мамлекеттик мекемелерде иштегендерди, мугалимдерди, дарыгерлерди жана студенттерди көчө тазалоого же пахта терүүгө салууну токтотуу жөнүндө буйрук чыгарды.

Ошондой эле документте Башкы прокуратурага жана Эмгек министрлигине мажбурлоо иштерин токтотуш үчүн тиешелүү чара көрүү да тапшырылды.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр күзүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөндө Өзбекстанда жарандарды жапырт ишке салуу маселесине токтолгон.

Өзбекстан дүйнөдө пахта өндүрүү боюнча бешинчи орунда турат. Өлкөдө өстүрүлгөн пахтанын 60% Кытайга, Бангладешке, Түркияга жана Иранга экспорттолот. Өлкө пахта өстүрүүдөн жылына 1 миллиард доллардан ашуун киреше табат. Бул ички дүң өндүрүмүнүн төрттөн бирин түзөт.

XS
SM
MD
LG