Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Өзбек имамдары пахтаны "парзга" айлантты


Мечитте.
Мечитте.

Өзбек бийлиги пахта теримге диний кызматкерлерди да активдүү тарта баштады. Өткөн аптанын жума намазында айрым жерлерде имамдар пахта терүү ар бир мусулман үчүн шарият боюнча ыйык милдет деп үгүттөп, бул тууралуу атайын чечим да чыгарышканы кабарланды.

Өзбекстанда азыр пахта терим кызуу жүрүп жаткан кез. Өткөн аптада мечитке жума намазга келгендерге айрым имамдар чогулган түшүмдүн мол болушу үчүн сыйынып гана тим болбостон, ишти илгерилетүү үчүн өздөрү да шымалана киришип, жардам бериши керектигин айтышты. Болгондо да бул ар бир мусулманы үчүн "милдеттүү иш" деп түшүндүрүштү.

Кээ бир мечиттерде бул тууралуу атайын фатва да чыкканы айтылды.

Көпчүлүк жерлерде талаада пахта терип иштеп жаткандарга деп акча чогултулду.

Ташкен шаарынын тургуну, аты-жөнүн атагысы келбеген жаран «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына телефондон кабарлаганына караганда, ал 23-сентябрда «Хазрати Али» мечитине жума намазга барган. Кутба окуган имам пахта терүү мусулман үчүн "важиб амал", башкача айтканда, "милдеттүү иш"деп түшүндүргөн.

– Биздин имамдын айтуусу боюнча, пахта терүү милдеттүү иш экен. Ал ар бирибиз теримге катышып мамлекеттик кырманга өз салымыбызды кошуубуз керек деп айтты. Ошону менен бирге пахта талааларында иштеп жаткандарга материалдык колдоо көрсөтүү зарыл деди, - дейт ташкендик тургун.

«Хазрати Али» мечитинин диний кызматкерлеринин бири бул маалыматты ырастап, буйрук жогору жактан, Өзбекстандын мусулмандар диний башкармалыгынан келгенин айтты. Анын белгилешинче, муфтияттан келген буйруктарда имамдар кутба окуганда пахта темасына сөзсүз кайрылышы керектиги жазылган:

- Жума намаз боюнча өзүнчө буйрук келген. Аны имамыбыз жакшынакай кылып түшүндүрүп, чечмелеп айтып берди. Пахта – бул биздин улуттук байлыгыбыз, демек аны терүү милдеттүү иш.

Ошону менен катар “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы Өзбекстандын ичиндеги бир нече жеке булактары аркылуу мындай кутбалар башка мечиттерде да окулганын билди. Адистер мындай ыкма мусулмандар арасында таасирдүү натыйжа берерин айтууда.

Өзбекстандык дин таануучу Мухиддин Шириновдун айтуусунда, бул өзү аткарылчу парз.

- Важиб амал деген исламда, ханафий мазхабында сөзсүз аткарууну талап кылган негизги парздан кийинки эле милдет. Аны аткарбагандар күнөө кетирген деп эсептелип, аткарган мусулмандар Жараткандын алкышына арзыйт деп коюшат. Менимче, биринчиден, бул маалыматты тыкыр текшерип, тактоо зарыл. Анткени чын эле ошондой буйрук берилген болсо, анда бул өтө олуттуу мааниге ээ маселе. Өзбекстан сыяктуу мусулман өлкөдө мечиттин имамы жарандарды өз мекенине жардам берүүгө үндөсө, албетте, бул кадыресе көрүнүш. Бирок эгер ал кандайдыр бир буйрукка же чечимге таянып, пахта терүү бул парз деп айтып жаткан болсо, анда ал бул айткандарын тастыктай турган далилдерди келтириши абзел, - дейт Ширинов.

Талаада иштеп жаткандарды материалдык жактан колдоо үчүн деген негизде мечитке келгендерден кошумча акча чогултулуп жатканын да «Азаттык» менен байланышкан шаар тургундары айтып беришти.

Мисалы, мечиттердин биринде кызмат өтөгөн жаран дем алыш күндөрү аларда 360 миң сум чогултулганын билдирди.

Өлкөнүн диний башкармалыгынан түшкөн маалыматка караганда, имам жана башка диний кызматкерлер башкаларды гана үгүттөбөстөн өздөрү да талаага чыгып иштөөгө мажбурланууда.

Өзбекстанда дин мамлекеттен ажыратылган деп эсептелет. Бирок иш жүзүндө дээрлик ар бир диний уюм жана мекеме күч кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө.

Буга чейин өлкөдө пахта теримге негизинен мектеп окуучулары чыкчу. Соңку жылдары бул үчүн өзбек бийлиги бир катар эл аралык уюмдардын катуу сынына кабылып, айрым ири компаниялар Өзбекстандан пахта сатып алууну токтоткон.

Бирок бул чара өз натыйжасын берген жок дешет байкоочулар. Себеби маселе чаташып башка жагына ооп, негизги күч мурдагыдай окуучуларга эмес, эми мугалимдерге келүүдө. Бул деген сабактар өз маалында өтпөй, билим берүү процессине олуттуу залака тийип жатат дегенди түшүндүрөрүн айткан байкоочулар өз жарандарын кандай гана жол менен болбосун мажбурлап пахта тердирүү Өзбекстанда дагы эле кеңири жайылган көрүнүш экенин баса белгилешет.

XS
SM
MD
LG