Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Каримовго куран окутуу милдети элге жүктөлдү


Каримовго куран окутканы келип, кафеге кире албай калгандар. 2016-жыл
Каримовго куран окутканы келип, кафеге кире албай калгандар. 2016-жыл

Өзбекстанда Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин ага куран окутутулуп жатат. Элге тамак-аш берүү милдети жергиликтүү ишкерлер менен мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине жүктөлгөн.

Өзбекстанда Ислам Каримовду эскерүү зыйнаты өтүп жатат. Ташкенттин жана Самаркандын ири ресторандары келгендерге бекер палоо берүүдө.

Бирок бекер тамактын чыгымы бюджет көзүн карагандар менен ишкерлерге жүктөлгөн.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын билдиришинче, маркумду жерге бергенден кийин аны эскерүүгө келгендерге тамак жетпей калган. Ушундан кийин акимдер махалладагы аксакалдарды чогултуп, кезектешип аш басууга буйрук берген.

- Бизге маркумдун жетилиги жана кыркылыгы үчүн акча бергиле дешти. Каримов тирүү кезде эле ушундай нерселер болчу, азыр да уланып жатат. Мындан бейиши болгур президентке кандай пайда болорун түшүнбөдүм, - деди «Азаттыктын» өзбек кызматына атын атагысы келбеген бала бакча башчысы.​

"Ахборот": Каримовго багышталган куран
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары Каримовдун урматына уюштурулган бекер тамакка эл аябай көп келгенин жазышты. Бош орун жоктугунан айрымдары кире албай артка кайткан.

Мындан тышкары социалдык тармактарда топтошкон элдин ресторанга кире албай турганы, аталган жайлардын кожоюну аларды тартип сактоого чакырган видеону көрүүгө болот.

Атын атагысы келбеген самарканддык мугалим “Азаттыкка” Ислам Каримовдун урматы үчүн окутулган курандын чыгымын көтөрүп жатышканын айтты:

- Акимдин буйругу менен Самарканддагы ар бир махаллага куран окутуу тапшырмасы берилди. Биздин махалла 10-сентябрга чейин өткөрөт. Баш-көз кылып дайындаган киши колуңардан келгенин бергиле деп айтты. Бирөөлөр 10 миң (1,5 АКШ доллары), дагы бирөөсү 100 миң (15 АКШ доллары) бермей болду. Бизден башка ишкерлер да акча топтоп жатышат. Менин эмерек жасаган таанышым да берген экен.

“Азаттыктын” булактары билдиргендей, Өзбекстанда маркум президентке куран окутуу пахта жыйноо башталганга чейин уланат.

Кафеге кире албай артка кайткан адамдар, Самарканд

Өзбекстан: Каримовго куран окутканы келгендер кафеге кирге албады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:16 0:00

XS
SM
MD
LG