Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Каримовдун максаты жүзөгө ашпады


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

8-сентябрда Ташкенде өзбек парламентинин эки палатасынын биргелешкен жыйыны болуп, анда өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Өзбекстан парламентинин Сенатынын төрагасы Нигматулла Юлдашев мамлекет башчынын милдетин аткаруудан баш тарткан.

Өзбекстан Конституциясында президент өлгөндө же милдетин аткара албай калганда, мамлекет башчынын кызматын аркалоо Өзбекстан парламентинин жогорку палатасы Сенаттын төрагасына жүктөлөрү жана үч ай ичинде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөрү белгиленген.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов бийликтин мына ушундай мыйзамдуу жол менен алмашуусун кепилдөө үчүн Конституциянын 96-беренесине өзгөртүү киргизилип жатканын белгилеген эле:

- Сунушталып жаткан дагы бир маанилүү өзгөрүү - Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын 96-беренесине таандык. Мамлекет башчысы ар кандай себептерге байланыштуу өз милдетин аткара албай калган шарт түзүлгөндө, мына ушул беренени ар кандай талкууга албаш үчүн өзгөртүү киргизилүүдө. Ага жараша, мамлекет башчысы милдетин аткара албай калган шартта анын милдетин аткаруу Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин Сенатынын төрагасына жүктөлөт. Үч ай ичинде президенттик шайлоо өткөрүлөт.

Каримов бекиткен мыйзамды Мирзиёев бузду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Ислам Каримов өлкөдөгү ар кандай күчтөр, региондор, топтор ортосунда президенттик үчүн талаш-тартыш чыкпаш үчүн президент милдетин аткара албай калган учурда анын иши тикелей Сенат төрагасына жүктөлөрүн, бул демократиялык өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш экенин кошумчалаган.

Маркум Ислам Каримовдун жүйөсү жана Конституциянын талабына ылайык, Өзбекстан Сенатынын төрагасы Нигматулла Юлдашев президенттин милдетин аткарууга тийиш эле.

Нигматулла Юлдашев
Нигматулла Юлдашев

Бирок ал 8-сентябрдагы өзбек парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында мамлекет башчынын милдетин аткаруудан баш тартып, бул орунга жетекчилик кызматтардагы тажрыйбасын эске алуу менен өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевди дайындоону сунуштаган. Натыйжада парламент бир добуштан Мирзиёевди мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кызматына дайындады. Бул тууралуу Өзбекстандын расмий маалымат каражаттары кабарлады. Ошону менен Конституцияда каралбаган шартта премьер-министр Шавкат Мирзиёев мамлекет башына келди.

“Независимая газетанын” баяндамачысы Виктория Памфилова Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башына келери орус президенти Владимир Путиндин Өзбекстанда Мирзиёев менен келечек жөнүндөгү сүйлөшүүсүнөн кийин эле анык болгон дейт:

- Бул деген Шавкат Мирзиёев мындан ары Өзбекстандын туруктуу башчысы болот дегенди билдирет. Биринчиден, аны менен Владимир Путин мамлекет башчысы катары жолугуп, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун өлүмү жөнүндө эле эмес, Өзбекстан менен Орусиянын андан ары кызматташуусунун жолун да сүйлөштү. Бул деген Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды жетектерин билдирген. Нигматулла Юлдашевдин баш тартып, Конституцияны кыйгап өтүүнү эмне дейбиз эми, элита ошондой келишимге келди да...

Виктория Памфилованын айтымында, Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу менен үч ай ичинде боло турган шайлоонун тагдыры да чечилип, анда ким жеңери анык болуп калды.

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев менен биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимовдун теңтайлаша алары, анын таасири жана командасы күчтүү экени айтылып келген. Эгерде ал Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүп, келишимге келген болсо, анда ал бийлик сересинде кала берет. Тескерисинче болсо, аны айтуу кыйын деп кошумчалады Виктория Памфилова.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG