Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Путин Мирзияевдин тамырын тартты


Владимир Путин Самаркандда Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев менен жолукту.
Владимир Путин Самаркандда Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев менен жолукту.

Орусия президенти Владимир Путин 6-сентябрда Самарканга келип, Ислам Каримовду эскерди. Талдоочулар муну жөн гана көңүл айтуу каадасы эмес, чөлкөм үчүн маанилүү кадам деп баалашууда.

Кытайдагы саммиттен кийин Владимир Путин түшкөн учак Самаркандга конду. Алгач ал Каримовдун мүрзөсүнө гүл коюп, маркумдун жубайы Татьяна Каримова менен кичүү кызы Лола Каримова-Тилляевага көңүл айтты.

Андан кийин Путин көңүл айтып, кат жолдогон Өзбекстан сенатынын төрагасы, Баш мыйзамга ылайык азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Нигматилла Юлдашев менен эмес, өзбек премьери Шавкат Мирзияев менен жолукту.

Пикирлешүүдө өзгөчө акыркы жылдары Каримов менен жекече жылуу мамилелери калыптанганын айтты:

- Албетте, биз президент Ислам Абдуганиевич Каримов түптөп кеткендердин баары улантыларына абдан үмүт артабыз. Биргелешкен өнүгүү жолун, өзбек элин, өзбек жетекчилигин колдоо үчүн өзүбүз тараптан баарын жасайбыз. Эң ишеничтүү досуңардай эле бизге толук ишеним артсаңар болот.

Буга кошумча Путин Каримов Орусиясыз Өзбекстандын бүткүл потенциалын ачуу мүмкүнчүлүгүн көргөн эмес деп, муну ал кишинин керээзиндей туюнтту. Маанини өзбек премьер-министри Шавкат Мирзияев илгиртпей улады:

- Сиздин бүгүнкү сапарыңыз көп нерсени түшүндүрөт, бул үчүн сизге өтө ыраазыбыз. Орусия менен тышкы саясаттагы алакабыз стратегиялык мааниге ээ. Стратегиялык өнөктөштөрбүз. Владимир Владимирович, Ислам Абдуганиевич экөөңөр көп жылдап курган көпүрөнү сындырып албай, оңдоп-бекемдейбиз.

Мирзияев Каримовдун ордуна келет делгендердин кыска тизмесиндеги эң алдыңкы сапта турат.

Байкоочулар Путин Кытайдан келатып, көңүл айтуу үчүн гана кайрылбаганын дароо белгилешти. Маселен, өзбекстандык көз карандысыз журналист Алексей Волосевич орус жетекчилигине мураскердин “баш терисин” байкап көрүү өтө маанилүү дейт.

Ал эми Чек ара кызматташтыгы ассоциациясынын стратегиялык пландоо кызматынын жетекчиси, орусиялык талдоочу Александр Собянин бул сапардан эки себепти көрөт. Биринчиси эки лидердин жеке мамилеси. Экинчиси, Өзбекстандын чөлкөмдөгү ролу, андагы ыктымал окуялардын чөлкөмгө таасири.

Түрдүү ыктымалдуулуктардын алдын алып, бийликтин жымсал алмашышына таасир этүү деп чечмелейт Собянин:

- Албетте, бул өзбек элинин кайсы бир бөлүгүнүн үч айдан кийинки тандоосуна таасир этет. Мирзияевдин пайдасына. Анан да Өзбекстандагы, чөлкөмдөгү жалпы стабилдүүлүккө таасири бар. Анткени, эми көшөгө артындагы оюндар, кландар ортосундагы тиреш болбойт. Бийлик Ислам Каримовдон Шавкат Мирзияевге Өзбекстандагы алдыңкы саясий фигуралардын колдоосунда тынч өтөт.

Ал эми Мирзияев үчүн Путиндин сапары анын экинчи президент болуу шансын ого бетер чыңдады. Буга чейин эле ал тажияга келген өлкө лидерлери менен жеке жолугушуп, мындан аркы алакалар багыттарын тартынбай талкуулаган эле.

Ошол эле учурда өлкө Баш мыйзамына ылайык, Өзбекстан президентинин милдетин сенат төрагасы Юлдашев аткарууда.

Өзбекстанды чейрек кылымдан ашуун башкарган Ислам Каримов 2-сентябрдын кечинде дүйнөдөн өткөнү расмий айтылган.

XS
SM
MD
LG