Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Каримовдон ыдык көргөндөр кайтабы?


Гафур Рахимов.
Гафур Рахимов.

Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин анын убагында өлкөдөн чыга качкандар кайтып келери айтыла баштады. Алардын бири өзбекстандык ишкер, криминалдык авторитет делип, АКШнын "кара тизмесине" илинген Гафур Рахимов.

Гафур Рахимовдун аты-жөнү Интерполдун сайтындагы Өзбекстан улуттук бөлүмүнүн издөө баракчасынан 15-сентябрда алынып салынган.

Бул Ислам Каримов жана анын үй-бүлөсү куугунтуктап, бизнестен четтеткен адамдар эми президент дүйнөдөн өткөндөн кийин кайтып келе баштады деген пикирлерди туудурду.

Рахимов тууралуу жакшы билген өзбекстандык журналист Шохида Якуб Рахимов азыр президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев менен жакшы мамиледе болгон деп белгилейт. Ал Интерполдогу издөөнүн токтотулушун ушуга негиздейт.

- Менимче, ал Мирзиёевдин шарапаты менен келгени жатат. Балким бизнеске аралашышы мүмкүн. Анткени акыркы жылдары ага тиешелүү көп адамдар бизнестен четтетилгенин билебиз. Балким ошолорду кайра ордуна коюшу ыктымал. Балким Өзбекстанга кайтпайт чыгаар.

Рахимов Ислам Каримовдун бийлигинин алгачкы жылдарында ийгиликтүү ишкерлик жүргүзгөн. 90-жылдары Өзбекстандагы пахта өндүрүшүнүн 15% көзөмөлдөп турганы да айтылат. Ал тургай убагында аны Каримовдон кийинки эле таасирдүү киши эсептешкени да айтылып жүрөт.

Мына ушул иштерге удаа эле криминал менен коюн-колтук алышып жүргөнү, ага карабастан өлкөдөгү спорт тармагында жетекчилик кызматтарда иштеп, мамлекеттик сый-ургаалдарга арзыганы интернеттеги маалымат булактарында жазылган. Бирок ал Өзбекстан укук коргоо органдарынын кинелеринен кийин 2010-жылы мекенинен чыгып кеткен. Журналист Шохида Якуб аны ал кезде президенттин тун кызы Гүлнара Каримова сүрүп чыгарганын айтат:

- Менин кабарыма караганда, Гафур Рахимов менен Гүлнара Каримованын ортосунда келишпөөчүлүк бар эле. Ошол кезде Гүлнара Каримова Өзбекстанда эң күчтүү бизнес персона болгон. Ал Рахимовдун бизнестерин тартып ала баштаган. Албетте мындан чатак чыгып, ага Улуттук Коопсуздук кызматы аралашкан. Анан Гафур Рахимов өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду.

Ошол эле кезде АКШ Юстиция министрлиги 2012-жылы Рахимовду “Братский круг” аттуу КМШ мамлекеттеринин жарандарынан турган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп тапкан. Ал Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Камчы Көлбаев менен бирге Борбор Азиядагы эң таасирдүү маңзат соодагери аталган.

Аталган топ Европа, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Латын Америкасында ишмердигин жүргүзөрү баяндалган.

Ушуга байланыштуу АКШ “Братский круг” тобундагыларга санкция салган. Ага ылайык, аталган адамдар АКШга кире алышпайт. АКШ жарандары алар менен келишим түзүүсүнө тыюу салынган. Эң негизгиси, алар тууралуу так маалымат бергендерге акчалай сыйлык убадаланган.

Кримчөйрөдө “Черный Гафур” каймана аты менен белгилүү Гафур Рахимов 65 жашта. Ушу тапта Араб Эмираттарынын Дубай шаарында жашайт деп болжолдонот. Ал Интерполдун издөөсүнөн алынганы менен АКШнын “кара тизмесинен” чыгарылган жок. Талдоочулар ал буга карабастан өз өлкөсүнө келе алаарын белгилешет.

Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин анын кыздары жана жакындарына тиешелүү бизнестер Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдарына өтө баштаганы тууралуу маалыматтар чыкты. Ошол эле учурда Мирзиёев Ислам Каримов коррупцияга, паракорчулукка айыптап кызматтан айдаган адамдарды кайра өкмөткө алып келип жатканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG