Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Өзбекстан: дыйкандарды сыздаткан буйрук


Өзбекстандын Анжиян облусунун акиминин буйругу менен буудай жана пахтанын планын толтурбаган фермерлердин үй-мүлкү мамлекеттин менчигине алынууда.

Акимдин бул кадамын жергиликтүү кеңештин депутаттары колдоп беришти. Дыйкандардын мүлкүн тартып алуу өкмөт башчы түзгөн «Айбалта» режиминин алкагында уюштурулууда.

4-августта Өзбекстандын Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурахмонов Балыкчы районундагы дыйканчылык талаалардын биринде жергиликтүү кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултту. Ошол жыйында быйылкы түшүмдүн планын толтурбаган дыйкандардын үй-мүлкүн конфискациялоону сунуштады.

Аким бул демилгени өкмөт башчы Шавкат Мирзаевдин "жалкоо дыйкандарды жазалоо демилгесин колдоо" катары түшүндүрдү. Муну жергиликтүү кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп беришти. Акимдин буйругу жыйын бүтөрү менен аткарыла баштады. Жыйынга күбө болгон фермерлердин бири буларды айтты:

Пахта талаасы
Пахта талаасы

- Аким буудайдын планын толтура албаган фермерлердин мал-мүлкүн бүгүнтөн тарта «Айбалтага» салуу керектигин айтты. Бул буйрук ошол күндөн тартып аткарыла баштады. Райондун Сыза айылындагы “Ыктыяркан жерлери” аттуу фермердик кожолуктун ээси Надырбек Хакимовдун үйүндөгү трактору, жыйырмадай килем жана паластарын зордоп эле алып кетишти. Тартып алынган трактор жана башка буюмдар Чынабад пахта тазалоочу заводуна жеткирилди.

Бул фермердин айтымында, «Айбалта» операциясын облус прокуратурасы, сот департаменти, ички иштер башкармалыгы жана салык кызматкерлери аткарып жатышат.

- Азыр планды аткара албаган башка фермерлерге да «Айбалта» ыкмасы колдонулуп жатат. Кимдин техникасы, килеми, телевизору болсо милициянын көзөмөлү астында мажбурлап тартып алынууда. Бул жаза фермерлерди айыл-апанын көзүнчө сазайын берүү үчүн жасалууда. Фермерлер эч качан мынчалык уят болгон эмес.

Өзбекстан
Өзбекстан

Ысымын сыр калтырууну каалаган дагы фермер быйылкы пландын аткарылбаганына эмне себеп болгонуна бийлик көңүл бурбай жатканын айтты:

- Элге бул жыл оор келди. Жаан-чачын көп болду. Ошондуктан эгиндерге оору тийди. Планды аткарууга такыр мүмкүн болгон жок. Башка мамлекеттерде жаратылыш шартынан улам зыянга учураган дыйкандарга колдоо көрсөтүлөт. Бизде болсо тескерисинче "жердин түбүнөн таап болсо дагы планды толтур" дешет. Фермерлер эми базардан буудай алуу үчүн малын сатышууга киришти. Планды толтура албагандардын мүлкүн өкмөт өзү талоонго алууда.

Быйылкы түшүмдүн планын толтуралбаган фермерлерге карата «Айбалта» жазасы колдонулуп жатканын Анжиян облустук акимиятынан атын атабаган кызматкери да ырастады. Режим түшүмдүн планын толтура албаган жана мамлекетке карызы бар фермерлердин үй- мүлктөрүнүн эсебинен болсо дагы кемитикти жабуу дегенди билдирет.

Өкмөт башчы Шавкат Мирзаев өткөн жылдын 12-октябрында өткөн жыйналышта өзү түзгөн «Айбалта» тобу жакшы иштебей жатканын сынга алган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жана күч түзүмдөрүн ал режимге көмөктөшүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG