Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Өзбекстан: темир өткөрбөсөң жөлөкпул жок


Темир-тезек ташып бараткан окуучу.
Темир-тезек ташып бараткан окуучу.

Өзбекстанда өкмөткө темир тапшырууга мажбурлоо өнөкөтү эми ата-энелерге да жетти. Буга чейин мындай тапшырманы окуучулар, мугалим, дарыгерлер аткарышчу. Бийлик элден чогулган темир-тезекти эмне кылат?

Фергана облусунун Риштан районунда жашаган, атын атагысы келбеген тургун темир тапшыруу талабын жергиликтүү бийликке – маале жыйынына барганда уккан. Темир тапшырбаса, баласына жөлөкпул берилбеси айтылган:

- Эки жашар балама 14 жашка чейинкилерге берилчү жөлөкпул алыш үчүн документ тапшырганы баргам. Маале жыйынындагылар мага 50 кило металл алып келиңиз дешти. Бул талапты биринчи жолу угушум. Айла жок, макул болдум. Бирок үйдө темир-тезек жок эле. Анын баарын улуу балдарым өздөрүнүн мектебине, колледжине тапшырышкан. Араң 15 кило чогулттум. Бирок, бийлик 50дөн кем болбошу керектигин айтышты. Ошондо жетиштүү темир-тезек тапшырбасак жөлөкпулсуз калабызбы, – деген риштандык тургун ушундай талап бар-жогун тактап берүүнү өтүндү.

“Азаттыктын” өзбек кызматы ушундан кийин маале жыйынына кайрылганда, айыл башчысы металл маселеси тегин жерден чыкпаганын айтты:

- Билесизби, бизге жогорку жактан ошондой тапшырма түшкөн. Жыл сайын биздин маале 1 тонна 800 килограмм металл тапшырышы керек. Ошондо ар айда акимиатка 150-200 кило өткөрөбүз.

Ал чогултулган темир-тезек Ташкендеги Бекабад металлургия комбинатына жөнөтүлөрүн билет:

- Комбинаттын иши токтоп калбашы үчүн металл чогултуу да токтобош керек дешти. Ошон үчүн төрт жылдан бери тапшырып келатабыз. Чынында мааледе темир калбай деле калды. А тапшырма дале күчүндө. Ордуна акча бергенге да болбойт, - дейт атын атагысы келбеген айылдык аткаминер.

Өзбекстанда жөлөкпул үй-бүлөнүн үч баласына гана 14кө чыккыча берилет. Бир баланын жөлөкпулу 52 миң сум же 8 доллардай. Эки баланыкы 82 миң сум же 12 долларга жакын акча. Ал эми үч бала үчүн 116 миң сум же 17 доллар төлөнөт.

Бул айыл тургундары үчүн сезилерлик каражат. Ошондуктан маале башчысы документ тапшырганы келгендерди пайдаланып калгысы келгендерин жашырган жок:

- Эми эгер чечим болсо баары бир жөлөкпул беребиз, кармаганга акыбыз жок. Бирок эми элден темир чогулткула деп катуу өтүнөбүз да. Бизди туура түшүнгүлө.

Балалуу аялдардан же аталардан темир талап кылмай көрүнүшү биринчи окуя. Буга чейин окуучулар, мугалимдер, дарыгерлер темир-тезек чогултууга мажбурланганы тууралуу даттануулар түшүп турган.

Тагыраагы, Наманган облусунун Чартак районунда металл бербеген мектеп окуучуларына ыдык көрсөтүлүп, акча талап кылынганы кабарланган. Ал эми Навои облусунда медиктерден темир ордуна 25 миң сум же 3 доллар, Ташкен музыка лицейинин окутуучуларынан 7 доллар талап кылышканы маалымдалган.

Жергиликтүү аткаминерлер өлкө боюнча жайылган мындай талапты Өзбекстан өкмөтү атайын жобо менен бекиткенин айтып беришкен. Аны аткаруу район, облус бийлигине жүктөлгөн. Бирок, ал жобонун тексти ММКларга көрсөтүлгөн эмес.

Советтер Союзу учурунда Кыргызстанда деле окуучулар мектеп талабы боюнча темир-тезек, кагаз чогулткан учурлар болгон. Эгемендиктин алгачкы жылдарында да айрым окуучулар чогултушкан. Кийинчерээк токтогон.

XS
SM
MD
LG