Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Өзбекстанда аким кык чогултууга буйрук берди


Тезек.
Тезек.

Өзбекстанда санитардык эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери өкмөт башчынын буйругу менен айыл аралап, уйдун жампасын чогулта башташты.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Фергана облусуна караштуу Үч-Көпүрө районунун Санэпидем станциянын отузга жакын кызматкерин айыл аралап, малдын кыгын чогултууга чыгарды.

Чогулган кык айдоо жерди семиртүү үчүн колдонулмакчы. Өкмөт башчынын бул буйругу кээ бир адамдардын күлкүсүн келтирсе, айрымдарды нааразы кылды. Газ жана электр энергиясы таңкыс бул райондун эли малдын тезегин отун катары пайдаланат.

"Азаттыктын" өзбек кызматына атын атабаган жарандар нааразылыгын мындайча билдирген.

- Кечээ көк халат кийген СЭСтин эки кызматкери менен айылдын кароолу биздин үйгө келиптир. Үйгө кирип, канча уюбуз бар экенин сурашты. Мен эки уй багарыбызды айттым. Анан алар эки уйдун кыгын эки капка толтуруп, көчөгө чыгарып коюшум керектигин айтышты. Мен аларга «Кышта бизде свет да, газ да болбойт. Эми отунубузду да алып коесуңарбы?», - дедим. Алар бул "премьер-министрдин буйругу" экенин айтышты. Эгер биздин уйдун кыгына өкмөт башчынын күнү түшсө, баары бүткөн экен дедим.

Үч-Көпүрө районунун дагы бир тургуну өкмөткө эки каптан кык берүү деле оңой эместигин билдирген.

- Айылда мал кармоо өтө кыйын. Бирин-эки малды короодо багабыз. Себеби, жайыт тар, бош жаткан талаа жок. Малды саман-топон жана винзаводдон литрин 70 сумдан сатып келген калдык менен тойгузабыз. Уйдун эки кап кыгынан 200 тезек жасалат. Ал он күнгө жетет. Күлкүнү келтирип, ушул кык чогулткан жумушка СЭС кызматкерлерин жумшаганы болуп атат. Алардын үстүнөн бүт айыл күлүп атышат.

Ферганада кык чогултуу өнөктүгү чын эле уюштурулуп жатканын «Азаттыктын» дагы бир булагы айтты:

- Бизге акимияттан ушундай тапшырма берилди. Кечээ райондук санэпидемстанциянын жоон топ кызматкери келди. Ар бир эки медайымга бирден айыл кароолу бекитип берилди. Адамдар кык салынган каптарды көчөгө чыгарып коюшат. Аны фермерлер өз трактору менен чогултуп кетишет, - дейт айыл активисти.

Үч-Көпүрө райондук администрациясынын атын жашыруун калтырган өкүлү райондук СЭСтин кызматкерлери кык чогултуу жумушуна Өзбекстандын өкмөт башчысынын токтомунун негизинде тартылганын ырастады:

– Менин колумда Фергана облусунун акими чыгарган токтом бар. Ал токтом премьер-министрдин ашыкча жер семирткичтерди фермерлердин жерине ташуу, малканалардын жана дааратканалардын тазалыгын камсыздоо жана дезинфекциялоо СЭСке жүктөлсүн деген тапшырмасына негизделген. Азыр алар бардык айылдарды кыдырып жатышат.

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлерди кесибине таптакыр туура келбеген жумуштарга чегерген окуялар тез-тез катталып турат. Маселен, республикада буудай талааларды отоо чөптөрдөн арылтуу жана пахта терүүгө окуучуларды, дарыгер, артисттерге чейин тарткан учурлар жыл сайын катталат. Бул үчүн укук коргоочулар өзбек бийлигин такай сындап келет.

XS
SM
MD
LG