Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Абактагы өзбек аткаминери мүлкүнөн кол жууду


Өзбекстан-АКШ биргелешкен GM Uzbekistan автоконцернинин башкы директору жана «Узавтосаноат» мамлекеттик башкармалыгынын төрага орунбасары Тахиржан Жалилов.
Өзбекстан-АКШ биргелешкен GM Uzbekistan автоконцернинин башкы директору жана «Узавтосаноат» мамлекеттик башкармалыгынын төрага орунбасары Тахиржан Жалилов.

Орусиянын бир нече шаарларында “Малика” деген соода аты менен таанылган кафелер сатыкка коюлду. Бул тамактануу жайлары Өзбекстандагы мамлекеттик Uz-Daewoo компаниясынын мурунку жетекчиси, азыр камакта жаткан Тахиржан Жалиловго таандык.

Орусиялык маалымат булактарында "Малика" аттуу кафелердин Воронеж, Липецк жана Ижевск шаарларындагы тармактары бүт сатыкка коюлганы тууралуу жарыя чыкты. Ал жарыяда "Чыгыш ашканасы менен барк тапкан «Малика» кафелер тармагы сатылат. Кафелер кошумча каражат жумшоого муктаж эмес. Ашканасы керектүү жабдуулар жана тажрыйбалуу ашпоздор менен камсыздалган" деп жазылган.

2004-жылдан бери токтоосуз иштеп келаткан киреше кафе-ресторандар тармагы Өзбекстан-Америка биргелешкен GM Uzbekistan автоконцернинин башкы директору жана «Узавтосаноат» мамлекеттик башкармалыгынын төрага орунбасары Тахиржан Жалиловго таандык.

GM Uzbekistan концернинин 2010-жылдан берки башчысы Тахиржан Жалилов 2-майда коррупцияга шектелип камакка алынган. "Азаттыктын" өзбек кызматынын билдиришинче, ал GM Uzbekistan чыгарган автоунааларды Орусияга экспорттоо маалында "мыйзамсыз жол менен ири суммадагы акчаны кымырып койгон" деп айыпталууда.

- Машиналарды экспорттоодогу алдамчылыкка байланыштуу Тахиржан Жалилов менен кошо өз уулу жана дагы он адам кармалган. Анын эсепсиз мүлктөрүнүн бири "Малика" кафе-ресторандары болчу. Ар башка шаарларда жайгашкан ресторандардын баасы азырынча ачык айтыла элек. Аны ким сатып, акчасы кайсы керектөөгө жумшалары тууралуу маалымат жок. "Малика" ресторандарынын 90% кызматкерлери өзбекстандыктар.

Буга чейин GM Uzbekistanдын Орусиядагы дилердик борборлору концерндин директору Тахиржон Жалиловду актап-мактап, өзбек президенти Ислам Каримовго кат жазышкан. Катта алар Жалилов мыйзамсыз кармалганына президенттин көңүл буруусун суранышкан. Ага карабай, өзбек бийлиги Жалиловго тагылган айыпты өзгөртүүсүз калтырып келет.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын билдиргенине караганда, азыр Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жаткан Жалиловдун учурда көзгө көрүнөрлүк бизнеси калган эмес. Анын Орусиядагы ондогон бизнестери четинен жабылып же сатылып жатат.

Адистер болсо Жалиловдун камалышын коррупция менен күрөш эмес, Өзбекстандагы саясий күчтөрдүн ички күрөшү деп баалашууда. Тагыраагы, Uz-Daewoo'нун ишмердүүлүгүнө түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн вице-премьер-министр Улугбек Рузикуловго сокку уруу дешет. Анткени Рузикулов өкмөт башчыга орун басарлык кылуу менен бирге Uz-Daewooнун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турат.

1993-жылы негизделген Uz-Daewoo автоунаа чыгаруучу заводунун Орусия жана КМШ мамлекеттеринде учурда 98 дилерлик борборлору бар.

XS
SM
MD
LG