Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Өзбекстан: чочко багуудан чыккан чыр


Беларсутагы чочко фермасы
Беларсутагы чочко фермасы

Өзбекстандын Жызак облусунда чочко чыры коомду чочутту. Өз үйүндө чочко баккан аялга айылдыктар таш атышып, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышууда. Жабырланган тургун айылдаштарынын бул аракетине бийликти айыптоодо.

Өзбекстандын Жызак облусуна караштуу Маданият айылынын 32 жаштагы тургуну Виолетта Куразованы үйүндө чочко багууну көздөгөнү үчүн кошуналары айылдан көчүүсүн талап кылушууда.

Виолеттанын билдиришинче, Маданият айылынын участкалык милициясы айыл аксакалдары менен бирге келип, аялдын башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылышууда.

Виолеттанын өзүнүн айтышынча, ал өз короосуна чочкокана кура баштагандан бери айыл тургундары менен мамилеси бузулган.

- Таңкы саат 8де мен жашап аткан үйгө Маданият айылынын 50-60 аксакалы келиптир. Алар «Сен үйүңдө чочко багам деп атасың. Сен тынбай интернетке чыгасың. Сен эл душманысың. Бала-чакаңды алып биздин айылдан чыгып кет! Бул жерде баары бир жашатпайбыз!» деп кыйкырышып, мага карайт таш ыргытышты. Алар көпчүлүк эле. Бир таш менин бутума тийди. Мен балдарымды алып үйдүн ичине качып кирдим.

Виолеттанын айтымынча, өзбек мыйзамдары чочко багууга тыюу салбаганына карабай, айылдыктар анын чочко багуусуна байланыштуу басымын токтотпой келишет. А жергиликтүү бийликтер ызы-чуудан кабардар, бирок эч кандай чара көрбөй жатат.

– Алар дайыма: «Сен чочко багасың. Биз сени тынч койбойбуз» деп тынымсыз коркутуп атышат. Мен чочколорду үй-бүлөнү багууга кошумча жардам болсун деп багып келем. Биз мурда башка айылда турчубуз. Ал жакта мен бала кезден бери чочко кармап келгенбиз. Ошону менен жашайбыз. Өзбекстанда чочко бакпа деген мыйзам жок го. А мен Өзбекстандын башка тургундарындай эле тең укуктуу жаранымын.

Ал чочколорду сатуу үчүн эмес, өзү пайдалануу үчүн багарын айтууда. Виолеттанын арызы боюнча өзбек бийликтери эч кандай билдирүү таратыша элек.

Совет бийлиги кулагандан кийин орустардын өлкөдө кескин азайышы менен бирге Өзбекстанда чочко багуу да кескин кыскарган. Өзбекстанда элдин 88 пайызы өзүн мусулман деп санайт. Диний ишенимден улам чочко багууга каршы маанай күчтүү.

XS
SM
MD
LG