Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол жолу жети саатка жабык болот

Бишкек-Торугарт жолу.
Бишкек-Торугарт жолу.

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол автожолунун Бактуу-Долоноту айылынан Корумду айылына чейинки бөлүгү 12-майда саат 9:00дөн 16:00гө чейин жети саатка жабылат.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын  маалыматына караганда, жол кыймылын чектөө "Run the Silk Road" эл аралык марафону менен байланыштуу. Мекеме элге бул убакта Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу менен каттап турууну сунуш кылды. 

12-майда Ысык-Көлдө жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык жетинчи марафон өтөт. Ага чет мамлекеттерден келген эки миңдей спортчу катышып, узун аралыкка чуркап күч сынашат. (NT)

XS
SM
MD
LG