Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Балбан Бакдаулет Эгембердиев Азия чемпионатынын финалында күрөшөт


Бакдаулет Эгембердиев Азия чемпионатынын чейрек финалында. 11-май, 2018-жыл. Ташкент, Өзбекстан.
Бакдаулет Эгембердиев Азия чемпионатынын чейрек финалында. 11-май, 2018-жыл. Ташкент, Өзбекстан.

Кыргызстандык балбан Бакдаулет Эгембердиев ушул күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча уландар жана кыздар (кадеттер) арасындагы Азия чемпионатында алтын байге үчүн күрөшөт.

"Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак бүгүн, 11-майда грек-рим күрөшүнөн жана кыздар арасында эркин күрөштөн бештен салмакта байгелер ойнотулду. Бакдаулет Эгембердиев грек-рим күрөшүнөн 65 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда түштүк кореялык Минвуук Ванды 9:2, жарым финалда индиялык Викас Викасты 11:2 эсебинде жеңип алды. Эми ал финалда казакстандык Абдиазим Карабаев менен беттешет.

Ушул эле күрөштөн дагы бир кыргыз балбаны Бекзат Орункул уулу 80 килограммга чеийнки салмакта коло байге үчүн таймашат. 3-орун үчүн беттеште ал индиялык Рави Малик менен килемге чыгат. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Бүгүн Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча беттештер аяктайт.

Азырынча Азия чемпионатында кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандарында бир күмүш, бир коло байге бар. Кечээ, 10-майда 45 килограммга чейинки салмакта Акыйкат Кулжигит уулу күмүш , 60 килограммга чейинки салмакта Элмирбек Садыров коло байге алган.

Бүгүн башталган кыздардын эркин күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Калмира Билимбек кызы (46 кг.) коло байге үчүн күчүн сынайт. Ал эми Асел Турганбекова (61 кг.), Назик Мирлан кызы (40 кг.) жана Айжан Сабырбек кызы (53 кг.) айлампа тартибинде өткөн беттештерде утулуп, мелдештерин байгесиз жыйынтыкташты.

Кыздар жана уландар арасындагы (кадеттер) күрөш боюнча Азия чемпионаты 13-майга чейин уланат. Эртең кыздар жана эркектер арасында эркин күрөштөн байгелер ойнотулат.

Бул Азия чемпионатында ар бир күрөштүн түрүнөн бештен салмакта жеңүүчү болгондорго (грек-рим күрөшү:45 кг., 51 кг, 60 кг, 71 кг, 92 кг., кыздардын эркин күрөшү: 43 кг., 49 кг., 57 кг., 65 кг.,73 кг., эркектер арасында эркин күрөш: 48 кг., 55 кг., 65 кг., 80 кг., 110 кг.,) быйыл Буенос-Айресте өтө турган III жаштар Олимпиадасына жолдомо берилет. Эки мелдеш күнүнүн жыйынтыгын эске алганда кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары Олимпиадага жолдомодон куру калды. Жаштардын Олимп оюндары 6-октябрдан 18-октябрга чейин өтүп, спорттун 32 түрүнөн таймаштар болот. (ECh).

XS
SM
MD
LG