Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Иракта парламенттик шайлоо өтүп жатат


Ирактагы шайлоо.
Ирактагы шайлоо.

Иракта 12-майда эртең менен саат 7:00дө бардык добушканалар ачылып, парламенттик шайлоо башталды. "Ас-Сумария" телеканалы көчөлөрдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн маалымдады.

Парламенттеги 328 орунга 7,4 миң талапкер ат салышууда. Шайлоого катышып жаткан 320 партиянын, альянстардын жана көз каранды эмес талапкерлердин аты жазылган 88 тизме даярдалды.

Эксперттердин божомолуна караганда, азыркы премьер-министр Хайдар ал-Абади башкарган "Наср" жана вице-президент Нури ал-Малики жетектеген "Мыйзамдуу мамлекет" альянсы жеңиши мүмкүн.

Иракта 24 миллиондой адам добуш берүүгө укуктуу.

2003-жылы Саддам Хуссейндин режими кулагандан кийин Ирак ушуну менен төртүнчү жолу шайлоо өткөрүп жатат.

37 миллиондой калктын ичинен эки жарым миллионго чукул киши "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан качып, жер которууга аргасыз болгон. Ички качкындар “шарттуу добуш берүү” деген жараян аркылуу шайлоого катыша алышат.

Бул жолу сыя менен кагаздын ордуна санариптик система киргизилген. Борбордук көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын төрагасы Сафаа ал-Жабери билдиргендей, шайлоо бекеттеринде иштей турган кишилер атайын даярдыктан өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG