Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Бишкекте “Илим жана техника” фестивалы өтүп жатат


Фестивалга катышып жаткан балдар.
Фестивалга катышып жаткан балдар.

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда “Илим жана техника” фестивалы башталды. Иш-чара эки күнгө созулат.

Мектеп окуучуларына жана студенттерге арналган фестивалда жаңы технология менен ойлоп табылган 50дөн ашуун буюмдардын жана жабдуулардын жармаңкеси уюштурулду. Ага жергиликтүү ойлоп табуучулар жасаган роботтор, компьютердик программалар, заманбап технологиядагы илим-билимге багытталган колдонмолор жана башка эмгектер коюлган.

Фестиваль концерттик программа менен ачылды. Жекшемби күнү адистер жаштарга мастер класс өтүшөт.

“Илим жана техника” фестивалы алгач төрт жыл мурда уюштурулган.

Иш-чараны SIFE/Enactus Кыргызстан бүтүрүүчүлөрүнүн бирикмеси, "Робототехника" бирикмеси жана бир катар өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар өткөрүп жатат.

XS
SM
MD
LG