Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Бүгүн Лиссабондо "Eurovision" ыр сынагынын финалы болот


Кипрдин намысын коргоп жаткан Элени Фурейра быйыл фавориттердин сап башында.
Кипрдин намысын коргоп жаткан Элени Фурейра быйыл фавориттердин сап башында.

12-майдын кечинде Португалия борбору Лиссабондо "Eurovision -2018" ыр сынагынын финалы болот. Анда 26 мамлекеттин ырчылары күч сынашат. Таймашка башында 43 мамлекеттин өкүлдөрү аттанган. 8-майда жана 10-майда жарым финалдар өтүп, мыктылар иргелди.

Быйылкы сынакта Кипр, Израил, Норвегиянын ырчылары негизги фавориттер катары сыпатталууда.

Орусия 2000-жылдан бери алгач ирет быйыл финалга өтпөй калды. Бул өлкөнүн атынан тубаса майып Юлия Самойлова барган эле.

Жарым финалдын жана финалдын мыктылары көрөрмандардын онлайн добушу жана калыстардын баасы менен тандалат.

Быйылкы сынактын урааны - "All aboard", кыргызча "Кемеге бирге түшөлү" деген маанини берет.

"Eurovision" сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Былтыр португалиялык Салвадор Собрал уткан. Эрежеге ылайык, кайсыл ырчы утса, кийинки сынак анын мекенинде уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG