Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Оксфорддо Кыргызстанга арналган кече өттү


Ыйык Катерина коллежинин башчысы проф. Рожер Эйнсворт (оңдо) жана доцент Т. Жоробеков.
Ыйык Катерина коллежинин башчысы проф. Рожер Эйнсворт (оңдо) жана доцент Т. Жоробеков.

Ош мамлекеттик университети европалык университеттер менен илимий-педагогикалык байланыш түзүүнүн жана студенттер менен алмашуунун жолдорун издөөдө.

Ушундай максат менен өтүп бараткан аптада ОшМУнун алдындагы Арашан гуманитардык институтунун директору, доцент Т. Жоробеков Британиянын атактуу Оксфорд университинде болду. Ал Ыйык Катерина коллежинин (St. Catherine’s College) жетечиси, проф. Рожер Эйнсворт, Мамлекеттик башкаруу мектебинин (The Blavatnik School of Government) башкы администратору, декандын жардамчысы Калум Миллер жана Crossmodal илимий лабораториясынын башчысы, проф. Чарлз Спенс менен жолугушуп, эки университет ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштү.

Буга удаа эле Өкмөттүк башкаруу мектебинин эл аралык байланыштар факультетинин магистранттары үчүн Кыргызстанды таанытуу кечеси өткөрүлдү. Кеченин катышуучулары, доцент Жоробековдун билдиришинче, түрдүү өлкөлөрдөн келген магистранттар кыргыздын каада-салттары менен таанышып, элдик ыр-күүлөрүн угушту жана даам -татымдарынан ооз тийишкен.

Мамлекеттик саясат боюнча магистратурада окуп жаткан Чынара Темирова болсо Кыргызстан жөнүндө географиялык викторина өткөрүп, мыктылар кыргыз кол өнөрчүлөрү жасаган адеми буюмдар менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG