Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

АКШ Донбассты өнүктүрүү үчүн Киевге каражат бөлөт


АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер.
АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Украинанын Орусия агрессиясына туш болгон аймактарын өнүктүрүү максатында кошумча каражат бөлөт. 125 млн. долларлык каражат Донбассты жана башка аймактардагы абалды жөнгө салуу, аймактагы украин коомчулугунун биримдигин күчөтүү, жергиликтүү экономиканын туруктуулугун жогорулатуу сыяктуу иштерге жумшаларын USAIDдин Киевдеги бөлүмү 12-майда кабарлады.

Украинага каражат бөлүү тууралуу маалымат расмий түрдө 15-майда USAID өкүлү Брок Бирман, АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер жана АКШнын Киевдеги элчиси Мари Йованович катыша турган басма сөз жыйынында жарыяланат.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы расмий Киевге жардам берүү долбоорун ушул жылдын март айында бекиткен. Мындан сырткары Украинанын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн 200 млн. доллар бөлүнөрү айтылган. Бул украин аскерлерин даярдоого, керек жабдууларды сатып алууга, өлкөнүн чалгын кызматын колдоого жана логистика менен камсыз кылууга жумшалары белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG