Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) бүгүн экинчи ирет сурак берет.
Исаков төраганын орун басарынын кызматын аркалаган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сурак саат 10.00гө белгиленген.
Сапар Исаков атайын кызматка адегенде 26-апрелде сурак берген. Эки сааттан кийин УКМКнын имаратынан чыккан Исаков журналисттерге Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганын айткан.