Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштеген жана ал коррупция менен биринчи күрөштү баштаган адам. Бул тууралуу бүгүн мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак бергени келген учурда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын жана быйыл жыл башындагы кырсыктын себептерин териштирүүдө тиешелүү адамдардын бардыгынын аты-жөнү ачык айтылышы керек экенин белгиледи.
- Баары акыйкат болушу керек да. Фамилиялар аталып жатса - бүт баары аталсын. Мен бул кайсыл жакка алып баратканын түшүнүп жатам. Алмазбек Атамбаев жана ал иштеген команда таза иштеген. Ошонун ичинде азыркы президент С. Жээнбеков да болгон. Ал киши деле билет, Атамбаев түз жүргөн, коррупция менен биринчи күрөштү баштаган адам болчу. Ошондуктан ушунун баары жакшы натыйжага деле алып келбейт. Тергөө иштери саясаты жок жүрүшү керек. Парламентте депуттар өз иши менен, тергөөдөгүлөр тергөө менен алек болушу керек. Боёк кошуп, тиги же бул адамды күнөөлөгөн туура эмес. Күнөө сот аркылуу коюлат. Кээ бир фамилиялар айтылбай, кээ бири айтылып жатат.
Сапар Исаков ЖЭБдеги кырсык жаңы оңдолгон тарабында эмес, эски бөлүгүндө болгонун, ал эми модернизациялоого кеткен каражатты эл аралык фирма аркылуу аудит кылуу зарыл экенин айтты.
- Бир мегаватт электр энергия жана жылуулук иштеп чыгууга жабдуу орнотуу үчүн каражат кетет. Ошондон башташ керек. Болбой эле кычкач, тияк-биякка жабышкан болбойт.
Сапар Исаков атайын кызматка алгач 26-апрелде сурак берген. Эки сааттан кийин УКМКнын имаратынан чыккан Исаков журналисттерге ЖЭБди оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганын айткан.
10-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулаган. Анда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сапар Исаков баш болгон 30дай кишинин аты жазылып, саясий баа берүү жана алардын жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш айтылган.
КСДП партиясы 11-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ЖЭБге байланышкан комментарийин тараткан. Анда Исаков "парламенттеги талкуу - элди адаштыруу жана ЖЭБдеги авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети" деп билдирген. Мындан тышкары ал быйыл январдагы авария үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана өзү да жооптуу экенин белгилеген. (КЕ/ЕВМ)