Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр жабык өтүп жатат


Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Дүйшөмбү күнү Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында эки жана үч тараптуу жолугушуулар башталды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жолугушуулар жабык өтүп жатат. 14-майда эки жана үч тараптуу сүйлөшүүлөр, ал эми 15-майда жалпы пленардык жыйын өтөт. Ага катышуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун жана расмий Дамасктын делегациялары келген.

Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура өзү Астанага бүгүн келет.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаковдун айтымында, АКШнын делегациясы бул жолу сүйлөшүүгө катышуудан баш тарткан.

Казакстандын тышкы саясий мекемеси жолугушууда Сириядагы азыркы жагдай, анын ичинде деэскалация аймактарындагы абал, гуманитардык маселелер, өз ара ишенимди күчөтүү чаралары талкуулана турганын кабарлады.

Орусия менен Иран Сириядагы жети жылдык жарандык согушта, президент Башар Асадды, ал эми Америка Кошмо Штаттары менен Түркия өкмөткө каршы чыккан ар кыл күчтөрдү колдоп келет.

XS
SM
MD
LG