Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:11

Грузия: министр митингчилерден кечирим сурады


Георгий Гахария.

Грузиянын ички иштер министри Георгий Гахария Тбилисидеги митингчилер менен жолугуп, түнкү клубдагы атайын операция үчүн кечирим сурады. Министр өз укугун аша пайдаланган бардык полиция кызматкерлерин жазалай турганын билдирди. Гахария Грузиянын баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы саясатын кайра карап чыгууга да сөз берди. Анын убадасынан кийин сөз сүйлөгөн митингчилер акция токтой турганын билдиришти. Бирок алар бир жумадан кийин так иш-аракеттер жасалбаса, митингге кайра чыгаарын айтышты.

Парламент алдындагы массалык акция жекшембиге оогон түнү башталган. Ага чейин полиция түнкү клубдарда баңгизаттарга каршы атайын операция жүргүзүп, сегиз кишини кармаган. Күбөлөр рейд учурунда полиция күч колдонгонун айтышкан. Ошондон кийин Тбилисинин борборунда нааразылык акциясы башталган.

Демонстранттар премьер-министр Георгия Квирикашвили менен ИИМдин башчысы Георгия Гахарияны кызматтан кетишин талап кылышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG