Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Үч сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсык боюнча маселе көтөрүлгөнүн, бул боюнча өзүнөн мурдагы өкмөт иштегенин кошумчалады.
- Менден мурдагы өкмөт бул иштер менен алектенген. Себеби мен күзүндө келгем. Мыйзам боюнча башка нерселерди айта албайм.
Бүгүн эртең менен УКМКга кирип баратып Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин, "ЖЭБди оңдоп-түзөөгө байланышы бар" деген адамдардын аты-жөнү толук айтылбай, саясат болуп жатканын билдирген. Ошондой эле өзүн камоого негиз жок экенин кошумчалаган.
Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө иштери боюнча Сапар Исаков атайын кызматка алгач 26-апрелде сурак берген.
Сапар Исаковдон мурда азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөт иштеген. (КЕ)