Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:29

Жогорку сот Жакупованын коттежин сатыкка коюу боюнча ишти кайра кароого жөнөттү


Чолпон Жакупова.

Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жукупованын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына 3 млн. сом өндүрүү үчүн Ысык-Көлдөгү коттежин сатуу боюнча райондук, шаардык соттун чечимин жокко чыгарды. Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, иш Октябрь райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Буга процессуалдык жол-жоболор бузулганы себеп болгон.

Буга чейин Жогорку сот “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын, "Zanoza.kg" сайтынын негиздөөчүсү Дина Маслованын, журналист Нарын Айыптын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча компенсацияны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүчүн кайра кароого жиберген. Бул өтүнүч эки инстанцияда тең четке кагылган болчу. Ал эми доону коттежди сатуу менен төлөө маселеси өзүнчө каралып жаткан.

Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG