Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

АКШ Иерусалимде элчилигин расмий ачты


Элчиликтин ачылышы. 14-май, 2018-жыл
Элчиликтин ачылышы. 14-май, 2018-жыл

Дүйшөмбүдө Иерусалимде Америка Кошмо Штаттарынын элчилигин ачууга арналган расмий иш-чара өттү. Ага Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы, Ак үйдүн улук кеңешчиси жана президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер катышты.

Бүгүн АКШнын Иерусалимде элчилигин ачып жатканына каршы Газа секторунда палестиндер нааразылык акцияларын өткөрүп жатат. Андагы кагылыштарда Израил күчтөрүнүн колунан кеминде 41 палестиналык мерт кеткени кабарланды. Ошондой эле 500дөй адам жаракат алса, 35ине ок тийгенин «Рейтерс» агенттиги Палестин автономиясынын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме кылып билдирди.

“Ал-Жазира” телеканалынын маалыматы боюнча, бүгүнкү жүрүштөргө болжол менен 10 миңдей палестин катышууда. Алардын айрымдары чек ара тосмолорун ашып өтүүгө аракет кылган.

Былтыр декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Америка элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү чечимин кабыл алган. Анын чечимин араб өлкөлөрүнүн лидерлери, Европа Биримдиги катуу сынга алып, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктар жаралган жана Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагын анын ээлиги деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG