Журналисттер, маданият өкүлдөрү жана илимпоздор Орусия президенти Владимир Путинге "Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Оюб Титиевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу кат менен кайрылышты. Бул тууралуу укук коргоо борборунан маалымдашты.
Катка кол койгондор ишти федералдык деңгээлде кароону жана "Мемориалдын" артынан сая түшүүнү токтотууну талап кылышкан.
Катка 60 адам кол койгон. Арасында актриса Лия Ахеджакова, жазуучу Дмитрий Быков, Москванын муфтийи Илдар Аляутдинов, журналист Леонид Парфенов, актриса Чулпан Хаматова, адабиятчы Александр Архангельский жана башкалар бар.
Орусиянын белгилүү укук коргоо уюму болгон “Мемориалдын” Чеченстандагы бөлүмүнүн башчысы, 60 жаштагы Оюб Титиев 9-январда камакка алынган. Полиция "анын автоунаасынан 180 грамм марихуана табылды" деп ырастаган.
Чеченстандын бийлиги укук коргоочунун камакка алынышында саясий жүйө бар деген дооматтарды четке кагып келет.