Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Булан институту: Мугалимдердин социалдык абалы дагы эле оор


"Булан" институтунун логосу.
"Булан" институтунун логосу.

"Булан" институту жарыялаган баяндамада Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин айлыгы 2011-жылдан бери эки жолу көтөрүлгөнү менен алардын абалы оор экени, аларга каралган социалдык кепилдиктер мамлекет тарабынан аткарылбай келгени айтылат.

Баяндамада мугалимдердин маянасы кандайча эсептелери чечмеленген. Изилдөө учурунда суроолорго жооп берген көпчүлүк мугалимдер айлык жогорулап, бирок кайра эки ай ичинде эле кескин азайып калганын, айлыктын өлчөмүндө анча өзгөрүү болбогонун баса белгилешет.

“Биринчиден, айлыкты мугалимдин өткөн сааты боюнча эсептөө концепциясы киргизилгенден кийин мугалимдер мурдагыдай толук ставка менен иштебей калды жана ошол эле сабактардын жүктөмү көбүрөөк мугалимге таратылды. Экинчиден, 2011-жылы мугалимдердин категориясы жоюлуп, жогорку, биринчи жана экинчи категорияга кошулуп келген акча кыркылды. Үчүнчүдөн, өкмөт майрам күндөргө туш келген сабактардын сааттарын кыркып салууда. Ошентип, көпчүлүк мугалимдер айлыктары мурдагы эле калыбына келип калганын, эч кандай оңолбогонун айтышты”, – деп жазылат “Булан” институтунун баяндамасында.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2236 жалпы билим берүү мекемесинде 76 миң 963 мугалим эмгектенет. Кыргыз өкмөтү мектеп мугалимдеринин айлыгын жогорулатуу жөнүндө эки жолу - 2011-жылы жана 2015-жылы токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG