Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Караколдо жолду оңдоого байланыштуу кылмыш иши козголду


Жол оңдоо учуру. Кыргызстан.
Жол оңдоо учуру. Кыргызстан.

Каракол шаарындагы №35 жол иштетүү башкармалыгынын (ЖИБ) жооптуу кызматкерлери жолду оңдоого бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз иштетип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу бул Караколдогу ишкана 2017-жылы шаардагы көчөлөрдүн бирин оңдоого мамлекеттик бюджеттин эсебинен 25 млн. 299 миң сомдук тендер жарыялаган. Анын жыйынтыгында сынак комиссиясы эң аз, 20 млн. 877 миң сомдук кызмат сунуш кылган “З.П.” жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү деп тапкан. Натыйжада ал фирма менен №35 ЖИБдин ортосунда келишим түзүлгөн. Бирок иш баштала электе баштапкы сумма катары беш млн. сом курулуш фирмасынын эсебине мыйзамсыз которулган.

Текшерүү учурунда “З.П.” ЖЧКсы келишимде көрсөтүлгөн асфальттоо иштерин бүтүрбөй, арыктарды, түтүктөрдү, тротуарларды койбой койгону аныкталды. Натыйжада мамлекетке 5 млн. сом зыян келтирилген.

Факт боюнча Транспорттук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 306-беренеси ("Өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") жана 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы") боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG