Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:14

Лейлекте сел алып кеткен айылдарда убактылуу жол ачылды


Лейлектеги сел, 13-май, 2018-жыл.
Лейлектеги сел, 13-май, 2018-жыл.

Лейлекте селден зыян тарткан айылдарда утурумдук жол каттамдары ачылды. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү 15-майда “Азаттыкка” билдирди.

13-май күнү кечке жуук жүргөн селден Лейлек району тарткан чыгым эсептелип жатат. Жол каттамдары, электр энергиясы, таза суу жок калган айылдарга утурумдук жол каттамдары ачылып, электр зымдары тартылып бүттү. Учурда ондон ашык атайын техника сугат суу жеткирүүчү, ички чарбалык каналдарды тазалоо иштерин жүрүзүп жатат.

Баштапкы эсеп боюнча селден 27 менчик үйгө, 5 социалдык объектиге, 8 чарбалык курулушка, 22 короо-жайга суу кирген. 13,4 чакырым ички чарбалык жолдорду, 6,2 км ички чарбалык арыктарды, 69 гектар айыл чарба жерлерин сел жууп кеткен. Ошондой эле 242 кой-эчкини, 30 баш бодо малды суу агызып кеткен. Суу ташкыны беш чарбалык көпүрөнү, бир ички чарбалык көпүрөнү, 565 м сел тосмосун, 5 таза суу түтүгүн керектен чыгарган. 4 автоунаа зыян тарткан. (JsA\ErN)

XS
SM
MD
LG