“Центерра Голд” ("Centerra Gold Inc.") компаниясы 2018-жылдын биринчи кварталында Кумтөр кенинен 116919 унций же 3 тонна 64 кг алтын өндүрдү. Бул тууралуу ишкананын жылдын биринчи чейреги үчүн берген отчетунда жарыяланды.
Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө караганда азыраак. Өндүрүмдүн аздыгын компания Сары-Төр участкасында курамында алтын азыраак камтылган казылмалар табылганы менен түшүндүрөт.
Мындан ишкана 153 млн. доллар киреше тапты. Ошондой эле компания жылдын башынан бери 1,97 млрд. сом салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү мамлекетке төккөн.
Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын куймалары “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан сатылып алынып, Кара-Балтадагы аффинаждык ишканада кайрадан иштелет. “Кумтор Голд Компани” “Кыргызалтын” жана Кыргызстандын өкмөтү түзгөн келишимге ылайык, тазаланган (аффинаждалган) алтынды андан ары чет өлкөгө сатууга “Кыргызалтын” ишканасы гана укуктуу.
Кыргызстандагы эң чоң алтын кендеринин бири - канадалык "Centerra Gold Inc." компаниясы иштеткен Кумтөр болуп эсептелет. "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы компаниянын акцияларынын 29 пайызына ээ. Ишкана 1997-жылдан бери 354 тонна таза алтын өндүргөн. (ErN)