Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Ооганстандын батышында кол салуудан ондогон киши мерт болду


Фарах провинциясындагы атайын операция. 28-январь, 2018-жыл.
Фарах провинциясындагы атайын операция. 28-январь, 2018-жыл.

Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында «Талибан» кыймылынын жоочуларынын кол салуусунан ондогон киши курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Алардын маалыматына караганда, Иран менен чектеш аймакта жайгашкан провинцияда 15-майга караган түнү талибдер бир катар текшерүү-өткөрмө бекеттерин басып алып, коопсуздук күчтөрү менен согушкерлердин ортосунда айыгышкан кагылышуулар болгон.

Бул тууралуу аймактык кеңештин башчысы Фаред Бахтавер кабарлады. Ал ооган армиясынын 30дай аскери өлтүрүлгөнүн кошумчалады. Куралдуу кагылышуулар провинциянын борбору Фарах шаарынан төрт чакырым алыс аймакта дагы эле уланып жатканы айтылып жатат. Талибдер бул чабуул үчүн жоопкерчилик алуудан баш тартты.

Фарах провинциясы “Талибан” кыймылы бир нече районду көзмөлдөгөн Гилменд аймагы менен чектешет.

Өткөн айда Ооганстанда "Талибан" жазгы чабуулдарын баштай турганын жарыялады. Бул жолу ал чет элдик аскерлерге каршы багыттала турганы айтылды. Акыркы күндөрү эле Ооганстанда согушкерлердин кол салуусунан ондогон карапайым тургундар жана аскерлер мерт болду. Бул быйыл күздө өтө турган шайлоого даярдыктарды татаалдаштырууда.

XS
SM
MD
LG