Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

БШК Гүлнара-Клара Саматка депутаттык мандат тапшырды


Гүлнара-Клара Самат Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгүн алууда.
Гүлнара-Клара Самат Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгүн алууда.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Гүлнара-Клара Саматка Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты ыйгарылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Шеримбекова кабарлады. 

Атын Гүлнара-Клара Самат деп өзгөрткөн БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова "Ата Мекен" партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна келди. 

Жылдыз Шеримбекова буга чейин Гүлнара-Клара Саматтын кош жарандыгы тууралуу маалымат кылдат текшерилгенин айтып, депутаттык күбөлүк бүгүнкү жыйында тапшырылганын билдирди. 

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан Аида Салянованын ордуна депутат болуп келчүлөрдүн тизмесинде турган Гүлнара-Клара Саматтын орус жарандыгы болушу мүмкүн экени айтылып, "Карек" коомдук бирикмеси аны тактоону БШКдан өтүнгөн.

Клара Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген, мурдагы президент Курманбек Бакиевден ыдык көргөнүн айтып, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп Гүлнара-Клара Самат болгон. Ал эми Аида Салянованын мандаты быйыл марттын башында алынган. Тизмеде кийинки орунда Ташболот Балтабаев турат.  (KR)

 

XS
SM
MD
LG