Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Киевде «РИА Новости – Украина» агенттигинин жетекчиси кармалды


Украинанын Коопсуздук кызматы.
Украинанын Коопсуздук кызматы.

Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын өкмөттүк маалымат агенттигинин жетекчиси, орус жараны Кирилл Вышинскийди Киевде жашаган үйүнүн жанынан кармады. Агенттиктин жергиликтүү кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматына Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Елена Гитлянская билдирди.

Анын сөзүнө караганда, атайын кызматтар Орусия «Украинага каршы гибриддик маалымат согушунда» колдонгон медиа уюмдардын ишин иликтеп жатат.

«РИА Новости» агенттигинин Москвадагы баш кеңсеси шейшембиде атайын кызматтар анын Киевдеги бюросуна кирип келгенден бери ал жактагы журналисттер менен байланыша албай жатканын билдирди.

Москва менен Киевдин мамилеси 2014-жылы Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан кийин жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогондон баштап бузулган. Андан бери бир кезде өндүрүштүн мекени болуп саналган аймактагы жаңжалдарда 10 миңден ашуун адам кырылды.

XS
SM
MD
LG