Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Орусияда Алексей Навальный 30 күнгө камалды


Алексей Навальный сот залында, 15-май, 2018-жыл
Алексей Навальный сот залында, 15-май, 2018-жыл

Москванын Тверь райондук соту оппозициялык активист, «Ал бизге падыша эмес» деп аталган нааразылык акцияларын уюштурган Алексей Навальныйды 30 күнгө камады. Сот аны «коомдук иш-чараларды өткөрүүдө эрежелерди кайра бузду» деп тапты. Бул тууралуу «Азаттыктын» орус кызматынын кабарчысы сот залынан билдирди. Ошондой эле оппозиционерге «полицияга баш ийген эмес» деген кине коюлду.

Сот адвокаттардын полиция Навальныйды кармаганда «мыйзамсыз аракеттерди жасаган» деген жүйөсүн четке какты.

Навальныйдын адвокаты бийлик оппозиционерди коомдук саясий иштерге аралаштырбоонун аракетин көрүүдө деп айыптады.

5-майда Алексей Навальный өзу уюштурган акция учурунда кармалган. Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында өткөн "Ал бизге падыша эмес" акцияларынын учурунда өлкө боюнча 1600 адам кармалганын буга чейин “ОВД-инфо” укук коргоо порталы жазып чыккан. Алардын алды 25 суткага камакка алынган.

XS
SM
MD
LG