Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, кезектеги фестиваль Кыргызстан менен уюмдун ортосундагы маданий байланышты чыңдоо максатында уюштурулуп жатат.
Быйыл фестиваль адаттагыдай эле алгач Бишкекте болуп, андан кийин биринчи жолу Ошто өткөрүлөт.
Фестивалда Евробиримдикке кирген Германия, Франция, Италия, Словакия, Словения, Венгрия, Испания, Эстония, Латвия, Румыния, Бельгия, Австрия жана Финляндия мамлекеттеринде тартылган он үч тасма орусча субтитрлер менен тартууланат.
Бишкекте тасмалар “Ала-Тоо” кинотеатрында 16-майдан 20-майга чейин, Ошто "Kinobox. Семетей" кинотеатрында 24-27-майда көрсөтүлөт.
Кирүү акысыз, бирок кинотеатрлардан бекер билеттерди мурдатан алуу талап кылынат. Кирүүнү каалагандар төрттөн ашпаган билет алса болот.