Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:38

Жазуучу Самсак Станалиевдин чыгармачыл жолугушуусу өтөт


Самсак Станалиев жана анын китеби.
Самсак Станалиев жана анын китеби.

Бүгүнкү иш-чара Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде болот. Мэриянын маданият башкармалыгы билдиргендей, чыгармачыл кечеге акын-жазуучулар, чыгармачыл адамдар, “Кыргыз Руху” фольклордук тобу, Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин студенттери катышат.

Жазуучу, акын, адабий сынчы Самсак Станалиев 1950-жылы Токтогул районунун Жазы-Кечүү айылында туулган. Ал 1989-жылдан тартып Кыргызстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Станалиев поэтикалык жана прозалык 13 китептин автору. Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын автордун сунушу менен орусчадан кыргыз тилине которгон.

Окурмандарга кыргыз интеллигенциясынын залкар инсандары жөнүндө көптөгөн адабий изилдөө макалаларды жазган, «Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)» жана Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу «Жылдын эң узак күнү» аттуу тарыхый романдарды жараткан калемгер катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG