Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Парламент ЖЭБди иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун угат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантат.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Корутундунун биринчи бөлүгүн депутаттар 10-майда уккан.

2013-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын парламенти ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашууну бекиткен. Модернизациялоо ишин кытайлык ТBЕА компаниясы жүргүзгөн.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз калган.

Авариядан кийин окуянын чоо-жайын, насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия "жооптуу" деген 30га жакын аткаминердин тизмесин түзүп, аларга укуктук баа берүүнү сунуш кылып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG