Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында (муфтият) бүгүн ажылык сапарды уюштурган мекеме аралык комиссия жыйын өткөрөт. Бул тууралуу муфтият билдирди. Маалыматка караганда, жыйында ажылык сапарды уюштуруу иштери талкууланат.
Ажылык иштери 2014-жылдан тартып электрондук системага өткөн. Аны уюштуруу боюнча жыл сайын мекеме аралык комиссия түзүлүп, курамына муфтияттын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, ИИМдин, УКМКнын, Транспорт жана жол, Саламаттык сактоо, Тышкы иштер министрликтеринин, Мамлекеттик чек ара, Мамлекеттик каттоо кызматтарынын өкүлдөрү кирет. Быйыл бул комиссияны муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев жетектеп жатат.
Быйылкы ажылык сапар 2890 долларга бааланган. Бул былтыркыдан 130 долларга кымбат. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Зыяратчылар ажылыкка июлда жөнөй баштайт.
Буга чейин муфтияттын дарегине карата ажылыкты уюштурууга байланыштуу сын пикирлер айтылып келген. Мекеме ажылыкка тиешеси жоктугун, ага даярдык көрүү мекеме аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөрүн билдирген. (NT)