Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун мурдагы жардамчысы камакта отурат. Бул тууралуу ал өзү бүгүн “Азаттык” радиосунун "Салык тармагындагы 800 миллиондук коррупциялык схема боюнча сиздин жардамчыңыз кармалганы айтылууда" деген суроосуна жооп берип жатып билдирди:
- Менин бир жардамчым азыр Токмок шаарынын мэри болду. Бири парламентке депутат болуп келди. Жардамчылардын баарын мыйзам бузбоого, сыйлоого үйрөтүп жүрөм. Бир жардамчым боюнча кылмыш иши козголду. Далилдерин карап көрөбүз. Бүгүнкү күндө ал камакта.
Кыргызстандын экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирген кызмат адамдарынан турган коррупциялык түйүн аныкталганын быйыл 20-мартта Башкы прокуратура кабарлаган.
Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча өкмөткө караштуу комиссия "2016-2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган" деп шектелип жатканы, андан бери мамлекет 847 миллион сомдук зыян тартканы айтылган.
Козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилген.
Акылбек Жапаров азыр парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты. 2011-2012-жылдары ал финансы министри болгон.
Буга чейин айрым расмий эмес маалымат булактары Жапаровдун Алмаз Сагынбеков аттуу жардамчысы кармалганын маалымдашкан болчу. (BkA)