Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Араванда сел жүрдү

Араван. 2018-жылдын 16-майы.
Араван. 2018-жылдын 16-майы.

Ош облусунун Араван районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Такталган маалыматка караганда, бүгүн саат 11:30 чамасында Араван районунун Али Анаров айыл аймагынын Маданият айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүрүп, 20 үйдүн, 1 мектептин жана 1 бала бакчанын короосун суу каптады.

Азыр "Беларус" трактору ишке тартылып, суу каптаган жерлерди калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. 

XS
SM
MD
LG