Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Бишкектин Орто-Сай базары "бомба бар болушу мүмкүн" деп курчоого алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Атайын кызматтын маалымат бөлүмү "Азаттыкка" кабарлагандай, бүгүн саат 12:30 чамасында белгисиз бирөө келип, Орто-Сай базарынын сатуучуларына базардын аймагында бомба катылганын айткан.

- Бомба тууралуу маалымат түшөрү менен УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери базарга барып, анын аймагын курчоого алышкан. Учурда ыкчам издөө иштери жүрүп жатат, - деген УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов учурда базардан бардык кишилер чыгарылганын кошумчалады.

Кийинки убакта Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу үрөйдү учуруп, жалган маалымат тараткан кылмыш фактылары көп катталууда.

Жыл башынан бери эле буга окшогон беш кылмыш иши козголгон. Алардын эң көбү апрель айына туура келет. Бирок террордук акт тууралуу жалган маалымат тараткандардын бири да кармала элек. Талдоочулар муну коомчулукка бүлүк салуу, коомдук-саясий кырдаалга таасир этүүгө аракет кылган күчтөрдүн коркутуу актысы катары сыпатташууда. (KR)

XS
SM
MD
LG