Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:21

Соңку мезгилде Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу үрөйдү учуруп, жалган маалымат тараткан кылмыш фактылары көп катталууда.

Жыл башынан бери эле буга окшогон беш кылмыш иши козголгон. Алардын эң көбү апрель айына туура келет. Бирок террордук акт тууралуу жалган маалымат тараткандардын бири дагы кармала элек. Талдоочулар муну коомчулукка бүлүк салуу, коомдук-саясий кырдаалга таасир этүүгө аракет жасаган күчтөрдүн коркутуу актысы катары сыпатташууда.

Эски минанын ээси ким?

Бишкекте кезектеги жардыруучу зат табылганы тууралуу факт 3-май күнү кечинде катталды. Териштирүү учурунда Бишкек шаарынын "Ак-Кула" ат майданында табылган шектүү зат танкка каршы коюлуучу мина экени аныкталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов табылган минанын таржымалы жана буга чейинки жардыруу тууралуу жалган маалыматтар тараткан фактылар дагы териштирилип жатканын билдирди:

- 3-май күнү кечки саат 20.00дө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын "102" нөөмөт бөлүмүнө "Ак-Кула" ат майданында шектүү зат табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге дароо адистер барып, шектүү буюм танкка каршы коюлуучу мина экенин аныкташты. Мина жараксыз абалда, дат баскан жана жардыруучу элементтери жок болгон. Адистер аны алып чыгып, жок кылуу үчүн полигонго алып кетишти. Мындан сырткары шаардын ар кайсы аймагында жардыруучу зат коюлганы тууралуу буга чейинки ар түрдүү жалган маалыматтарды тараткандарды издөө иштери улантылууда.

Буга чейин баш калаанын ар кайсы жеринде "бомба коюлду" деген маалыматтар түшүп, текшере келгенде алардын баары жалган болуп чыккан. 29-апрель күнү кечки саат 19.30 чамасында "Бишкек-2" темир жол бекетине жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кийин ал чуулгандуу маалымат жалган болуп чыкты.

27-апрелде баш калаадагы "Бишкек парк" соода борборуна бомба коюлду деген маалымат түшүп, буга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы түп көтөрүлүп, имарат курчоого алынып, ичиндегилер коопсуз жайга чыгарылган. 26-апрелде ушундай эле жалган коңгуроо менен "телефон террорчулары" Борбор Азиядагы Америка университетинин тынчын алышкан. Мунун бардыгы боюнча кылмыш иштери козголуп, алардын ким экени иликтенип жатканы айтылды.

Анткен менен мындай окуялардын түпкү себептери боюнча бир канча версиялар айтылууда. Алар - катардагы бейбаштык, өчөштүк же болбосо атайын коркутуу актысы болушу мүмкүн дегендер да жок эмес.

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

УКМКнын мурдагы кызматкери Улукбек Кочкоров андай фактылар иш жүзүндө ырасталмайынча, божомол менен айтуу мүмкүн эместигин кошумчалады:

-​ Көз ачыктык кылып божомолдогум келбейт. Бирок бул иштердин артында кимдер турат, эмне максатта жасап жатышат деген суроолор бар. Мен эмне үчүн мындай окуялар тез-тез болуп жатканын өзүнчө анализдеп жатам. Бирок аны менен азырынча ачык бөлүшкүм келбейт. Бул ишке кимдир бирөөнүн тиешеси болушу мүмкүн дегенден алысмын. Ал үчүн ошонун баарын тастыктаган маалыматтар толугу менен иликтенип чыгышы керек. Азыркы учурда атайын кызматтар бул иштерди кылдат иликтеп, натыйжалуу изилдөө иштерин жүргүзүп жатышса керек.

Темир Сариев
Темир Сариев

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө учурда өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздук маселеси күн тартибинде турганын айткан болчу. Темир Сариев азыркы өкмөт биринчи кезекте ички-тышкы коопсуздукту камсыздоого көбүрөөк көңүл бурушу зарыл экенине токтолду:

-​ Өкмөт азыр ички жана тышкы коопсуздукту эч убактан көңүл борборунан чыгарбашы кажет. Айрыкча тышкы коопсуздукту чыңдоо маселеси дагы көтөрүлүп жатат. Анткени бизге Ооганстан жакын. Ал жакта болсо жоочулардын жаңы жардыруулары күчөп жатканы белгилүү. Анан коопсуздук боюнча эксперттер дагы соңку мезгилде террордук коркунучтар Ооганстандан Борбор Азияга жакындап келе жатканын коңгуроо кагышууда. Мындай шартта коопсуздук чараларын күчөтүү негизги маселе болушу керек.

Атайын кызматтын артынган жүгү

Ошол эле кезде атайын кызматтар соңку мезгилде саясий аңдууларды жүргүзүп, ишкердикти текшерип жана аткаминерлердин коррупциялык схемаларын түзүү менен гана алек болуп калганы тууралуу саясий чөйрөдө кеп салгандар арбын.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Жарандык активист Рита Карасартова атайын кызмат ар кайсы тармакка аралаша бербей, коопсуздукту камсыздоо менен гана алек болушу керектигин айтты:

- Негизи эле УКМК башка иштерге алаксыбай, өлкөнүн коопсуздугун кароону толугу менен мойнуна алышы керек. Азыр болсо УКМКга өтө чоң ыйгарым укуктарды берип коюшкан. Алар болсо коррупциялык, кызматтык, экономикалык кылмыштар сыяктуу иштердин баарын өзүнө алып, айыл өкмөт башчыларын, аткаминерлерди жана ишкерлерди эле шимшилеп аңдып жүрүшөт. Ошол эле кезде реалдуу коопсуздук чараларына көңүл бөлүнбөй калып жатат. Ошондуктан чыныгы коркунучтар каяктан келип жатканын эч ким карабай эле калды. Бул өтө чоң кемчилик.

"Телефон террорчулардын" Бишкекте "бомба коюлганы" тууралуу улам бир маалымат түшүп, күч түзүмдөрүнүн тынчын алган учурлар боюнча кылмыш иштери козголгону менен азыркы учурга чейин алардын ким экени аныктала элек. Ошондой эле "телефон террорчулардын" кандай максатты көздөгөнү жана алардын коомчулукка дүрбөлөң салууга жасаган аракеттери боюнча кандай илинчектери бар экени белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG