Шаршемби күнү эртең менен Крым көпүрөсүнүн жана андагы автожолдун ачылышы болду. Бул жол Краснодар крайын Орусия аннексиялап алган Крым менен байланыштырат. Краснодар тараптан келген жергиликтүү тургундар, журналисттер жана байкерлер жолдон алгачкылардан болуп өттү. Кечээ жолдун Керч кысыгындагы бөлүгүн Орусия президенти Владимир Путин "КамАЗ" менен келип ачкан.
Украинанын президенти Петро Порошенко Крым жарым аралыгындагы көпүрөнүн ачылышын айыптады. Европа Биримдиги менен АКШ да ушундай мазмунда билдирүү таратты. Еврошаркет Киевдин уруксаты жок жол жана көпүрө салууну Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн дагы бир жолу бузуу катары баалады.
Крым көпүрөсүнүн узундугу 18 чакырым. Анын курулушу 2015-жылы башталган.
Москва менен Киевдин мамилеси 2014-жылы Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан кийин жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогондон баштап бузулган. Бул жаңжалдарда 10 миңден ашуун адам курман болду.