Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:23

Түркия Израилдин консулуна өлкөдөн убактылуу чыгып турууну сунуш кылды


Түркия менен Израилдин ортосундагы дипломатиялык жаңжал 14-майда, Газа секторунда палестиндер менен Израил күчтөрүнүнүн кагылышуусунан кийин тутанган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Стамбулдагы башкы консулуна убактылуу өлкөдөн чыгып турууну сунуш кылды. Бул тууралуу “Anadolu” кабар агенттиги Тышкы иштер министрлигиндеги маалымат булагына таянып жазды.

Түркия менен Израилдин ортосундагы дипломатиялык жаңжал 14-майда, Газа секторундагы палестиндер менен израил күчтөрүнүнүн кагылышуусунан кийин тутанган. Буга Америка Кошмо Штаттарынын Иерусалимде эчилигин ачканы себеп болгон. Андагы кагылыштарда 60тан ашык палестин курман болду. 15-майда Түркия Израилдин элчисин өлкөдөн кетүүнү сунуш кылган, ал эми Израил жооп катары түрк консулун чыгарган.

БУУнун Коопсуздук кеңеши шейшембиде Газа тилкесиндеги кырдаалды чукул жыйында талкуулады. Жыйынды БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Николай Младенов ачып, курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле ал эл аралык коомчулук Израил менен чек арада болгон кандуу окуяны "катуу айыптай" турганын белгиледи.

Былтыр декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Америка элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү тууралуу чечим кабыл алган. Анын чечимин араб өлкөлөрүнүн лидерлери, Европа Биримдиги катуу сынга алып, мусулман дүйнөсүндө нааразылык жаралган жана Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору деп эсептейт. Шаарды азыр толугу менен Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG