Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Шавкат Мирзиёев АКШга расмий сапар менен барды


“Эндрюс” аба майданынан өзбек президентин АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алды.
“Эндрюс” аба майданынан өзбек президентин АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Америка Кошмо Штаттарына расмий сапар менен барды. “Эндрюс” аба майданынан аны АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алды.

16-майда Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Жолугушуунун алкагында алар "Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык кызматташтыктын жаңы доорунун башталышы" деген президенттердин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышы жана эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир катар документтерге кол коюшу күтүлүп жатат.

Эки өлкөнүн президенттери Америка Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, соода, инвестиция, аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды талкуулай турганы да айтылган.

Ошондой эле өзбек лидери мамлекеттик катчы Майкл Помпео, коргоо министри Жеймс Мэттис жана Конгресстин мүчөлөрү менен кездешет.

Мирзиеёвдин сапарын утурлай "Эл аралык мунапыс" ("Amnesty International") уюму билдирүү таратып, АКШны өзбек президентин адам укугу боюнча олуттуу реформа жасоого көндүрүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG