Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Эл аралык уюмдар “Телеграмга” коюлган бөгөттү айыптады  


“Телеграмды” колдогон акциялар Орусияда утур-утур болуп келе жатат.
“Телеграмды” колдогон акциялар Орусияда утур-утур болуп келе жатат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктары жана Интернет эркиндиги чөйрөсүндө алектенген 50 эл аралык жана орусиялык уюм “Телеграмга” бөгөт койгон чечимди айыптады жана Орусияны ой-пикир билдирүү эркиндигине жана Интернеттеги жеке жашоонун кол тийбестигине кысым көрсөтпөөгө чакырды.

Алар БУУну, Европа Биримдигин, АКШны жана башка өлкөлөрдү орус бийлигинин чечимине каршы турууга үндөдү.

Кайрылууга кол койгон уюмдардын арасында AI, “Трансперенси Интернешнл”, “Хьюман Райтс”, “Чек арасыз кабарчылар”, Москвадагы Хельсинки тобу, "Мемориал" укук коргоо борбору жана башка уюмдар бар.

Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде “Телеграмды” Орусиянын аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди жапкан. “Телеграмды” колдогон акциялар Орусияда ошондон бери утур-утур болуп келет.

XS
SM
MD
LG